Физикалык-Географиялык Райондоштуруу

Физикалык-географиялык райондоштуруу - жер бетиндеги аймактык бөлүктөрдүн (региондордун) жаратылыштык ички бирдиктүүлүгүн жана мүнөздүү бөтөнчөлүгү менен айырмаланган иерархиялык системасын изилдеп аныктоо.

Физикалык географиялык систематиканын (иреттөөнүн) бир түрү. Райондоштуруунун бардык түрү (эконом., демогр. ж. у. с) географиялык, бирок ал физикалык географияда аймактардын дээрлик бардык компоненттерин камтыган комплексттик белгилери боюнча, ошондой эле айрым гана белгилери - рельеф, климат, топурак ж. б. боюнча (тармактык райондоштуруу) жүргүзүлөт. Ар бир региондун бүтүндүгү б. а. ички бирдиктүүлүгү, анын өнүгүш тарыхынын жана географиялык абалынын жалпылыгы жана айрым бөлүктөрүнүн мейкиндик байланыштары менен аныкталат. Физикалык-географиялык райондоштуруун теориялык негизин аймактык физикалык-географиялык дифференциациянын мыйзам ченемдери (зоналуулук, азоналуулук) түзөт. Геогр. катмар татаал аймактык системалардын бирикмеси. Ошондуктан райондоштурууда физикалык-географиялык региондор түрдүү чоңдуктарга, даражага (ранг) бөлүнүп, Физикалык-географиялык райондоштуруунун көп баскычтуу таксономиялык системасы пайдаланылат. Зоналык белгилери боюнча ырааттуу түрдө географиялык алкактарга, зоналарга, зоначаларга, а зоналуулук белгилердин негизинде материктер физикалык-географиялык секторлорго, алар өлкөлөргө жана облустарга бөлүнөт. Райондоштуруу төмөнкүдөй бирдиктерден турат: физикалык географиялык район, райончо жана региондук маанидеги ландшафт. Физикалык-географиялык райондоштурунун схемасы көбүнчө төмөнкүдөй түргө бөлүнөт: өлкө - зона - облус - зонача - округ - район. Физикалык-географиялык райондоштурунун алгачкы теориялык өбөлгөлөрүн 19-кылымдын аягында В. В. Докучаевдин эмгектери түзгөн. Советтик мезгилдеги географтардын көбү физикалык-географиялык региондор жер бетиндеги бир экземплярдагы реалдуу объекттер (Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрү сыяктуу), алардын табигый чектери болот деген көз карашка таянат. Физикалык-географиялык райондоштуруу табигый шарттар менен ресурстарды ар тараптан комплекстүү эсепке алуу жана баалоо үчүн маанилүү негиз болуп эсептелип, түрдүү практикалык (а. ч., инженердик-курулуш, транспорттук, медициналык, рекреация ж. б.) максатта пайдаланылат. Кыргызстандын аймагынын тармактык жана комплекстик Физикалык-географиялык райондоштуруунун схемасы бир нече ирет сунуш кылынганы (В. М. Чупахин (1964), С. Ө. Өмүрзаков (1987), A. О. Осмонов (1997)) менен учурда, жалпы бир система кабыл алына элек.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мамлекеттик бюджетКойТянь-Шандын түндүк тизмегиКыргыз философиясыКызамыкГеометрияТоголок МолдоТүгөлбай СыдыкбековБизнес-планКыргыз оймолорунун маанисиОлжоЖазКөзПланетаМарс“Алтын кыз” (драма)БиоценозГепатит АКулакка тартууГүлШекер (айыл)Сөздүн маанисиТиричиликФизикалык чоңдуктардын бирдиктериЫктымалдуулук теориясыТишКыргыз музыкасыЯндексКалктын иш менен камсыз болуусуИч көбүү (метеоризм)Өзгөчө кырдаалКөп маанилүү сөздөрПрокуратураАт атоочУзак жолПунктуацияСөз айкашыУлуу Ата-Мекендик согушКаныбекЖусуп АбдрахмановКиринди сүйлөмЗомбулукМультимедиаЛюдвиг ван БетховенАвстралияАскердик антКанадаjvrkkАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМиланРычагКөкө уулу ЖеңижокМанас эпосу, ЭнциклопедияӨспүрүм балдарОмонимдерБир өңчөй мүчөДекларация (жарнак)Сырдык сөзФранцияАлай районуТурусбеков ЖусупАк кеме (тасма)Кан агууКан айланууМукай ЭлебаевЖасалма интеллект деген эмне?ФразеологизмАтакенин ак болотуЖерРоботБасмачылыкКудайлар тууралуу мифтерКызыл кыргыз тарыхыМыйзамИсламСелВенера🡆 More