Африка төөкуштары (лат.
Анын бийикт. 270 см (төбөсүнө чейин), салмагы 70–90 кгга көбүнчө 50 кг жетет. Буту күчтүү, эки гана манжалуу болгондуктан саатына 50 кмге чейин чуркай алышат. Жүнү жумшак, канат жана куйрук жүнү (төөкуш жүнү деп аталат) калың, эркегиники агыш, ургаачыныкы күрөң, бозомтук болот. Башы жана моюну кыска тыбыт, жүн менен гана жабылган. Негизинен Африкада таралган.
Үйүр-үйүр болуп (5–6) жүрөт, үйүрдө бир эркеги, калгандары ургаачылары болот. Ургаачысынын ар бири 6–8 жумурткасын бир эле уяга чогуу туушат. Түндүк Африкада 15–20, материктин түштүгүндө – 30, ал эми Чыгыш Африкада 50–60тан жумурткалары бар уяларды тапса болот. Жумурткасын түнкүсүн эркеги, күндүз – ургаачысы 5–6 жума басышат. Балапандары жөжө тибинде. Т. к. көбүнчө өсүмдүктөр – чөп, жалбырактар, мөмөлөр менен азыктанышат. Мындан башка алар майда чымчык, кескелдирик жана курт-кумурскаларды да жешет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Төө куш, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.