Туздар — металл атомунан жана кислота калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң классы.
Кадимки шартта түрдүү түстөгү кристаллдар. Аларга иондук структура мүнөздүү. Көпчүлүк туздар уюлдуу эриткичтерде, өзгөчө сууда жакшы эрийт. Туз эритмелеринде оң (катион) жана терс заряддуу (анион) иондорго ажырайт. Туз орто, негиздик, кычкыл ошондой эле кош, аралаш, комплекстик туз болуп бөлүнүшөт. Туздар кислоталар менен негиздер, кислоталар же туз менен металл өз ара аракеттенишкенде пайда болот. Туз кислотасы туздары – хлорид, күкүрт кислотасыныкы – сульфаттар, азот кислотасыныкы – нитраттар деп аталат. Жаратылышта деңиз сууларында, деңиз булуңдарында, акпаган көлдөрдө чогулат. Туз тамак-аш өнөр жайда, медицинада, кээ бири минералдык жер семирткич катары колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Туз (химия), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.