Тингведлир (исланд тилинен Þingvellir – талаадагы парламент) – Исландиядагы улуттук парк.
Рейкьявиктен 50 км чыгыш тарапта. Аянты 4 миң га. 1928-ж. уюшулган. Тингватлаватн көлүнүн (аянты 82,6 км2, өлкөдөгү эң ири көлдөрдөн) жээгиндеги чуңкурдукту камтып, 100 лгдей бийиктиктен орун алган. Жанар тоо рельефинин лава талаасы ж. б. формалары мүнөздүү. Парктын аймагы Түндүк Америка жана Евразия литосфералык плиталарынын кептешкен жеринде жайгашкандыктан сейсмдүүлүгү жогору. Тингведлир тектоникалык кыймылды көз менен көрө турган дүйнөдөгү 2 жердин бири болуп саналат. Парктын аймагындагы Ёксара суусунда кооз Ёксараурфосс шаркыратмасы бар. Тингведлир паркы кооздугу менен гана даңталбастан, тарыхый мааниси да зор. 930–1798-жылдары Тингведлирдин аймагында жылына Исландия Альтинги (парламент) чогулуп турган. Ошондой эле бул жерде 1000-ж. исланддар христиан динин кабыл алган жана 1944-ж. 17-июнда Исландиянын көз карандысыздыгы жарыяланган. Туризм өнүккөн. 2004-ж. Буткүл дүйнөлук мурастын тизмезисине кирген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тингведлир, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.