Термиттер (Isoptera) – курт-кумурскалар классынын түркүмү.
Термиттер коомдошуп жашайт. Таракандарга жана батачыларга жакын. Канаттуу түрлөрүнүн 2 жуп окшош жаргак канаты бар. Канаты жер казгандан жана жупташкандан кийин түшүп калат. Канатсыз түрлөрү ачык түстө, ошондуктан аларды «ак кумурскалар» деп туура эмее аташат. Ооз органы кемирүүчү. Жумушчу Термиттердин чондугу 2–15 ммге жетет. Жумурткаларын, личинкаларын коргоп, ургаачыларына азык таап багат. Термиттердин солдаттарынын чондугу 20 мм, азыктанбайт, алар жумушчу Термиттердин оозундагы шилекейлери жана арткы бөлүгүнөн чыккан зат менен азыктанат. Термиттердин ургаачылары жумушчу Термиттерди, личинкалардын шилекейи жана уюгунда өскөн козу карындар менен азыктандырат. Термиттер толук эмес өрчүү жолу менен көбөйөт. Ургаачысы бир нече жыл жашап, миллиондогон жумуртка тууйт. Термиттердин ысык жерде жашагандарынын уюгу өтө бийик (бийиктиги 15 мге жетет), токойлордо кездешкен түрлөрү уясын дарактарга салышат. Термиттердин 2500 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү (Украина, Молдова, Кавказ, Түркмөнстан) кездешет. Термиттер негизинен өсүмдүктөр, өсүмдүк калдыктары, козу карындар менен азыктанат. Алар дарактар, жүзүм, жыгач үйү ж. б. зыян келтирет. Топурактын курамын байытууда маанилүү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Термиттер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.