Темир адам 2 (англ. Iron Man 2, орус.
Продюсери Marvel Studios жана жайылтуучу компания Paramount Pictures.1 Бул "Темир адам" (2008) тасмасынын уландысы болуп саналат жана Marvel киноааламындагы 3-кинофильм. Режиссеру Жон Фавро, сценарийдин автору Жастин Теру. Тасмага ролдорду аткаргандар Роберт Дауни кичүүсү, Гвинет Пэлтроу, Дон Чидл, Скарлетт Йоханссон, Сэм Рокуэлл, Микки Рурк, Сэмюэл Л. Жексон. "Темир адамдагы" окуялардан алты ай өткөн соң Тони Старк АКШ өкмөтүнө Темир адамдын технологиясын өткөрүп берүүдөн баш тартып туруп алат. Бир тараптан арк реактордон ден соолугу жабыр тартып, көкүрөгүндөгү оору менен алпурушууга туура келет. Ошол эле учурда алдамчы орус окумуштуусу Иван Ванко да ушундай технологияны иштеп чыгып, Старк үй-бүлөсүнөн кан өчүн алыш үчүн Старктын атаандашы Жастин Хаммер менен биригип алып өз алдынча курал жасайт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Темир адам 2, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.