Технология (грекче techne – өнөр, устаттык, билгичтик жана ...логия) – ар кыл өндүрүш тармагында, курулушта ж.
б. сырьё, материал же буюм алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак. Толук аталышы - «технологиялык процесс» өндүрүштү техникалык текшерүү өндүрүш процессинин баяндамасы, түшүндүрмө эреже, инструкция, карта, графиктер да Технология түшүнүгүнө кирет. Өндүрүштө машина куруу Технологиясы, тоо иштери Технологиясы ж. б.; материалдарды иштетүүдө металлдар Технологиясы, кездемелер Технологиясы, тамак-аш Технологиясы ж. б. болуп айтылат. Технология процессинин техникалык-экономикалык натыйжалуулугу сырьё менен энергиянын салыштырма сарпталышына, буюмдун саны жана сапатына, иштин өндүрүмдүүлүгүнө, буюмдун өздүк наркына карата бааланат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Технология, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.