Тантал

Тантал (латын тилинен Tantalum) – Д.

И. Менделеев">Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VВ группа элементи. К.н. 73, ат. м. 180,948. Жаратылышта 2 изотобу бар: туруктуу 181Ta (99,9877 %) жана радиоактивдүү 180Ta (0,0123 %, T1/2 =10 12 жыл). Т. 1802-ж. швед химиги А.Г.Экеберг ачкан. Элемент аты байыркы гр. мифологиясындагы Тантал баатырга арналган. Касиеттери боюнча ниобийге окшош. Жер кыртышында м. боюнча 2,5×10-5 %. Негизги минералдары: танталиттер-колумбиттер группасынан (Fe, Mn) (Nb,Ta)2O6, лопарит (Na,Cе,Ca,Sr) (Nb,Ti,Ta)O3, микролит (Na,Ca)2×(Ta,Ti)2O6(F,OH). Т. көгүлтүр боз түстөгү ийилгич, жеңил, иштетүүгө ыңгайлуу металл; тыгызд. 16,6 г/см3 (20оС); эрүү температурасы 2996оС; кайноо температурасы 5300оС. Касиеттери тазалыгына, курамына жараша болот. H, N, O жана С сыяктуу кошундулар металлды морт кылат. Т. абада туруктуу, 280оС гана окистенүүсү башталат. Кадимки температурада атомардык суутекти (Н), 250оС мол. суутекти (Н2) сиңирип алат. F менен кадимки темп-рада, Cl2, Br2, I2, S, N2 менен 250-500оС реакцияга кирет. О. эле ысытканда бөлөк элементтер менен да аракеттенет. К-таларга жана бузулуучу заттарга өтө туруктуу, ошондуктан тантал металлын дат баспайт. Т. бирикмелерде (V) валенттүү, төмөнкү валенттүү бирикмелери да кездешет. Т. белгилүү бирикмелеринин бири - Та2О5 к-талык оксид эки модификациясы бар: төмөнкү температурада a-формасы жана жогорку температурада b -формасы. Щелочтуу металлдар ортотанталаттары (Ме3ТаО4) Тантал кислотасынын туздары эң жөнөкөйлөрү. Т. к-тасына хТа2О5×уН2 О формуласы туура келет. Галогендер, бор, кремний жана фосфор менен аракеттенип боридд, силицид, фосфид, галогенидди пайда кылат. Т. өнөр жайда танталит-колумбит (Fe,Mn)[(Та,Nb)O 3]2 кендерин калыбына келтирип, тазалоо ыкмасы менен алынат. Тантал электр техн-сында, химимялык  аппаратуралар жасоо, медицина, конденсатор, электрондук лампа, жылуулук алмаштыргыч, лаб-ялык идиштер алууда, жасалма жиптер өндүрүүдө (фильерлер) ж.б. колдонулат.

Тантал
Тантал.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

Ат. м.Грек тилиД. И. МенделеевКальцийКолумбитЛатын тилиМедицинаМеталлдарТанталитХимия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Ташкөмүр ГЭСиАбиотикалык факторлорКаакымҮч-Коргон ГЭСиАйчүрөк (опера)Барпы Алыкул уулуЫктымалдуулук теориясыПсихологияСаякбай КаралаевФранц КафкаМарт окуясы (2005)Айлана (математика)Экологиялык факторлор1930СарыбагышАлгоритмИчки Теңир-ТооБайыркы РимHTMLЗат алмашууАргентинаКудайлар тууралуу мифтерКлетка теориясыКыргыз тилинин жазуу эрежелериЖанар тооМекенКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыРиторика.Риторика илими.Баш мүчөЭпикалык текШамалАз кандуулукЧоң-Алай тоо кыркасыАбдыкерим СыдыковКоомОсмонбеков, АрстаналыЖукеев ТабылдыТаанып-билүү теориясыКыргызстандагы металлдарЭкологияКокон автономиясыБизнесРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Манастын туулганыӨсүмдүкАбдылдабек Алымбек датка уулуСүймөнкул ЧокморовБеш миң сомБюджетЧубак ажы ЖалиловМите ооруларыКыргызстандын КонституциясыЖакшылыков АсанДмитрий МенделеевЭлектр кыймылдаткыч күчүЫкташууБиринчи майКаныкейдин Семетейди алып качышыЭлектр чыңалуусуТүрКан айланууБразилияАмерика Кошмо ШтаттарыАйлана чөйрөнү коргооАфрикаКүндөрдүн аталышыМорфология«Манасты» жыйнооТаштандыМетеоритЫсык-Көл ойдуңуБелок структураларыАйтматов, ТөрөкулМаркетингБиология🡆 More