Талкан — куурулган жана тегирменге же жаргылчакка тартылып майдаланган дан азык.
Кургак тамактардын эң байыркыларынан. Талкан аштыгына карай – арпа талкан, буудай талкан, жүгөрү талкан, таруу талкан ж. б.; даярдалышы боюнча кант талкан, май талкан ж. б. деп бөлүнөт. Чала фабрикат катары талкандан ар кыл суюк аш (жарма) жасалат. Айранга, кымызга чалынып да ичилет, сүткө, каймакка же майга көөлөнүп желет. Талкан малчыларга, мергенчилерге жана алыска сапар тарткандарга көпкө сакталышы менен ыңгайлуу азык болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Талкан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.