Талант Дүйшөбаев

Дүйшөбаев Талант Ибраимович (2.

6. 1968-ж. туулган, Фрунзе) – дүйнөгө таанымал спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери. Борбордук Азия тарыхында кол топ (гандбол) боюнча Олимпия оюндарынын 1-чемпиону. Кол топ менен 1980-жылдан А. Л. Гагулинден машыга баштап, Бишкек шаарындагы өспүрүмдөрдүн атайын спорт мектебинде тарбияланган. ФПИде окуп жүргөндө СССР курама командасына кирген, 1989–92-ж. Москванын ЦСКА командасында ойноп, КМШ өлкөлөрүнүн кол топ боюнча курама командасынын капитаны болгон. Россиянын, Испаниянын жана Германиянын клубдарында ойногон. СССРдин, Европанын (Чемпиондор лигасы, 1994), Дүйнөнүн (Швеция, 1993), Олимпия оюндарынын (Барселона, 1992) чемпиону. 1993-жылдан Испанияда жашайт. Испания спорт институтун бүтүрүп, кол топ боюнча ошол өлкөнүн курама командасынын капитаны. Атланта Олимпиадасында (1996) Испаниянын курама командасын кол топ боюнча тарыхта биринчи жолу 3-орунга жеткирген. 1990-ж. Сиэтл шаарында (АКШ) болуп өткөн «Игры доброй воли», 1991-ж. Барселонадагы Олимпия алдындагы оюндардын жеңүүчүсү; Испания суперкубогунун (1992–94) ээси; 1992–94-ж. Испания чемпиону; 1995–97-ж. Испания кубогунун, клубдар арасындагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү; 1996-ж. Европа биринчилигинин (Испания) күмүш, Олимпия оюндарынын коло, 1998-ж. Европа чемпионатынын (Италия) күмүш медалынын ээси. 1994–96-жылдары «Handbal World Magaяine» журналынын иликтөөсү боюнча дүйнөнүн, Исландия (1995) жана Японияда (1997) болуп өткөн дүйнө чемпионатында, Европа биринчилигинде (Испания; 1996) мыкты оюнчу катары таанылган. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

ГерманияЕвропаОрто АзияФрунзе

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Керектөөнүн улам өсүү мыйзамыАйлана (математика)Исхак РаззаковКытайМеталл эместерАрстанбек Буйлаш уулуАтлах салгылашуусуМассалык маалымат каражаттарыКыргыз композиторлоруБөйрөк оорусуЖарым өткөргүчМанасчыНьютон биномуБиоценозКыргызстандын гербиСатурнНатрийБайтик баатырДаван мамлекетиОрганикалык химияАюуЭкосистемаТаш-РабатКөкө уулу ЖеңижокХимияБиринчи дүйнөлүк согушАксонометриялык проекцияларМээПланетаКлетка теориясыАнглияОрто АзияАстероидПоэзияШамалДиалогОш коогалаңы (1990)АнтропологияКол өнөрчүлүкЛексикаОкеанияАжар (повесть)ПризмаРычагКиринди сөзКоммуникацияПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыКумтөрТүштүк-Чыгыш АзияБаңгиликТалас облусуАнатай ӨмүркановКальцийЫсык-Көл облусуПсихологияПишпек чеби үчүн салгылашууСоодаСелБаткен облусуТыныш белгилериОрозов КарамолдоЖылдызТолубай сынчыОмофондорАк кеме (тасма)Сөз түркүмүКыргыз улуттук оюндарыРоботМетеоритСинтетикалык каучукКүнГеографияКрепостной укукСейтек эпосуКурактык өзгөчөлүкНарынМамбетимин уулу Казыбек🡆 More