Табият таануу- – жаратылышта жандуу жана жансыздар, оошондой эле алардын байланышы жөнүндө баштапкы маалымат берүүчү окуу предмети.
Бул предмет боюнча өткөрүлгөн сабактарда, практикалык иштерде окуучулар, өсүмдүк, жаныбарларды багуу, өздүк гигиена боюнча практикалык ыкмашыгуу элементтерине да ээ болушат.
Табият таануу предмети көпчүлүк мамлекеттерде ХХ кылымдын башталышында мектептерге киргизилген. Прогрессивдүү педагогдор табият таануу предметинин окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө жана сүйлөй алуу жөндөмдүгүн өнүгүшүнө өзгөчө ролун белгилешкен. Ошону менен бирге айыл чарбачылыкты алып баруудагы элементардык билим берилген. Мына ушундай пикирди К. Д. Ушинский негиздеген. Андан кийин көрүнүктүү методисттер М. Н. Скаткин (1956), А. А. Перроте (1963), С. А. Павлович (1965), Г. Е. Ковалева (1970), Н. А. Рыков (1980) тарабынан негизделген.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Табият таануу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.