Рюкю, Нансей – Тынч океандагы архипелаг, Япониянын аймагында.
Түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай уй мүйүз тартып, Кюсю жана Тайвань аралдарынын ортосунда 1200 кмге созулуп жатат. Аянты 4,8 мин км2дей. Эн ири аралдары – Окинава жана Амами. Рюкюнун түштүктөгү аралдар тобун бойлото шуру рифтери жатат. Плато жана жапыз тоолор басымдуу. Бийиктиги 1935 мге жеткен аракеттеги үч жана бир нече өчкөн жанар тоо бар. Климаты субтропиктик жана тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 2000-3500 мм. Тайфундар тез-тез болуп турат. Тропиктик токойлор жана бадалдар ээлейт. Шалы, батат, бал камыш өстүрүлөт. Балык кармалат. Башкы шаары – Наха (Окинава аралында).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рюкю, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.