22-Февраль 1908-жылы Венесуэланын эки жолку президенти Ромуло Бетанкур Гуатира шаарында төрөлгөн.
Бетанкур студент болор алдында Висент Гоместин диктатурасына каршы демонстрацияга катышып, анын айынан 1928-жылдын февралында түрмөгө камалган. 1936-жылы Висент Гоместин өлүмүнөн кийин бийликке генерал Элеасар Лопестин келиши менен Бетанкур Венесуэлага келип, 1941-жылы “Демократиялык аракеттер” оппозициялык партияны түзүп, анын лидерлеринин бири болгон. Өлкөдөгү мамлекеттик бурулуштардан соң анын партиясы өлкөнү башкарып, ал 1948-жылга чейин президент болуп иш алып барган. 1948-жылы аскердик бурулуштун жыйынтыгы менен бийликке генерал Маркос Перес келип, Бетанкур башка өлкөгө чыгып кеткен. 1958-жылы Хименести кулатуудан кийин өз өлкөсүнө келип, ошол жылдын февраль айында кайрадан мамлекет башына келген. 1981-жылы 28-сентябрда жарык дүйнө менен коштошкон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ромуло Бетанкур, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.