Пирит (грекче pyrites lithos – чакканда, ургулаганда от чыгарган таш) – күкүрт колчеданы, темир колчеданы сульфиддер классындагы кеңири таралган минерал, FeS2.
Кошундулары алтын, жез, темир, никель, кобальт ж. б. Куб системасында кристаллданат. Өңү ачык сары, киргилт сары, металл сымал жылтырайт. Катуулугу 6–6,5. С. салмагы 4,9–5,2. Өнөр-жайлык маанидеги кени гидротерм жана метасоматоз жолу менен пайда болот. Күкүрт кислотасы алынуучу сырьё; алтын, жез, кобальттын кен таштары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пирит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.