Паром – автомобилди, темир жол вагонун ж.
б. транспорт каражаттарын, адам жана жүктөрдү суунун бир жээгинен экинчи жээгине өткөрүүгө ылайыкталган калкып сүзүүчү каражат (кеме, сал ж. б.). Ал дарыя, деңиз, кел Парому болуп айырмаланат. Паромдун өзү жүрүүчү жана өзүнчө жүрбөгөн (кемеге сүйрөтүлүүчү же калак менен айдалуучу) түрлөрү бар. Ал көбүнчө дарыяларда колдонулат. Темир жол вагондору жана автомобилдер атайы курулган өзү жүрүүчү дарыя жана деңиз Паромунун жардамы менен ташылып өткөрүлөт. Аскер иштеринде жүк көтөрүмдүүлүгү 5–70 т жана андан чоң калкыма каражаттар колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Паром, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.