Парето Вильфредо(15.
7. 1848, Париж – 20. 8. 1923, Селиньи шаары, Швейцария) – италиялык инженер, экономист, социолог; элиталар теориясына негиз салуучулардын бири. Паретонун ата-энеси саясий көз карашына байланыштуу Парижде туруп, 1858-ж. Турин шаарына (Италия) кайтып келген. Бул жерден Вильфредо бир эле учурда гумантардык жана техникалык билим алууга жетишип, математиканы тереңдете өздөштүргөн. 1869-ж. «Катуу заттардын ичиндеги тең салмактуулуктун фундаменталдык принциптери» деген темада диссертациясын коргоп, экономикалык ж. б. илимий теориялык чөйрөдө кабыл алынган статистикалык «Парето-бөлүштүрүү» жана «Парето-оптимум» теориясынын автору болуп саналат. 1893-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Лозанна университетинде саясий экономика боюнча профессорлук кызматта иштеп, Муссолининин колунан 1923-ж. Италиянын сенатору деген наам алган. Парето коом пирамида түрүндө жайгашканын жана эң башында аны башкарып, багыттап турган социалдык катмар – элитанын болушу, орто эле алдыга ылдам өнүгүү үчүн өз убагында элитаны аламаштырып туруу зарылдыгын эскерткен.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Парето, Вильфредо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.