Осьминогдор (Octopoda) – баш буттуу моллюскалар түркүмү.
Дене узундугу 1–60 смге, тинтүүрү же «колдору» менен 3–5 мге жетип, салмагы 50 кгга чейин. Денеси сүйрү баштык сымал, башы денесинен даана бөлүнгөн; 8 «колу» бири бири менен чоюлчаак жаргакча аркылуу биригип турат. 11 тукуму, 200гө жакын түрү бар. Бардыгы деңизде, океанда жашайт. Жумурткасын деңиз түбүнө таштайт, кээде жашаган ийининин төбөсүнө илип коёт, айрымдары колуна көтөрүп жүрөт. Аргонавттар жумурткасын раковинасында алып жүрөт. Ургаачысы жумурткаларын тазалап, кайтарып жатып арыктайт жана көбүнчө өлүп да калат. Инкубациясы бир нече суткадан бир жылга чейин. Эки түрү тирүү тууйт. Зоопланктондор, крабдар, креветкалар, моллюскалар, балыктар, кээде курттар, ийне терилүүлөр менен азыктанат. Айрымдары дайыма ийинде жашайт. Кээси чакса коркунучтуу, өлүмгө да дуушар кылышы мүмкүн. Промысел объектиси. Көп кармалгандыктан, кээ бир жерлерде саны азайып барат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Осьминогдор, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.