Оперон

Оперон (лат.

operor - иштеп, кыймылдап атам) - транскриптон, скриптон, транскрипциясы белок (репрессордун жөнгө салуусу астында информациялык РНКнын бир молекуласында өтүүчү, генетикалык материалдын бөлүгү. Оператор концепциясы 1961-ж. зат алмашуу процессинде тирүү клеткада жаралган арабөк заттарда, (метаболиттерде) клетканын керектөөсүнө жараша тигил же бул гендердин "кошулуу" жана "чыгарылуу" ку

булуштарын түшүндүрүүдө, Ф. Жакоб жана Ж. Моно тарабынан иштелип чыккан. Бул метаболиттердин синтезделиши ушул гендер аркылуу жөнгө салынат. О-дук жөнгө салуу (башкача атйканда транскрипциянын деңгээлинде жөнгө салуу) прокариоттордо жана бактериофагдарда гендердин активдүүлүгүн жөнгө салуучу негизги механизм болуп саналат.

О. кайсы-бир метаболиттин биосинтезинин үзгүлтүксүз кайталануучу этаптарын жүзөгө ашыруучу, белокторду коддоочу бир, эки же андан көп тыгыз чиркелишкен структуралык гендерден турушу мүмкүн. Мындан сырткары ар бир О. жөнгө салуучу элементтерден: О-дун башталышында жайгашкан промотордон (транскрипциянын башталышындагы бөлүк), оператордон (булар аркылуу репрессор менен байланышуу жүрөт) жана О-дун аягында жайгашкан терминатордон (транскрипцияны токтотууга сигнал) турат. Промотор - ДНКнын ондогон нуклеотиддеринин кыска, бирок үзгүлтүксүз кайталанышы. Промотор ДНКнын [[Транскрипция (ДНК)|транскрипциясын]] жүзөгө ашыруучу атайын фермент РНК-полимераза менен байланышат. Позитивдүү (оң) жөнгө салууда транскрипцияны натыйжалуу баштоо (инициациялоо) үчүн белоктун промоторуна позитивдик (оң) көзөмөлдү (активаторду) кошуу зарыл. Негативдик (терс) жөнгө салууда оператордун репрессордо жайланышынын натыйжасында РНК-полимераза О-дун уз. боюнча кыймылга келбейт жана структуралык гендердин транскрипциясы жүрбөйт. Эгерде оператор репрессор менен байланышпаса, анда РНК-полимераза оперондун бардык структуралык гендерин транскрипциялайт. О-дун [[Транскрипция (ДНК)|транскрипциясын]] көзөмөлдөөчү репрессорду (бир репрессор бир нече О-дун [[Транскрипция (ДНК)|транскрипциясын]] көзөмөлдөй алат) О. менен чиркелишкен гана эмес, ошондой эле чиркелишпеген жөнгө салуучу ген аркылуу коддолот. Репрессордун молекуласы оператордун таануу участогунан сырткары аны активдештирүүчү (репрессор активсиз формада синтезделсе) же активдүүлүгүн төмөндөтүүчү (эгерде репрессор активдүү формада синтезделсе) эффектордун таануу участогуна ээ.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

БелокГенетикаЛатын тилиРибонуклеин кислоталарыТранскрипция (ДНК)

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Манас эпосунун идеясыМекенКөп бурчтукКүнФразеологизмдерЭтишAppleБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыАсанкан ЖумакматовСары-Жаз уран кениПродуценттерАйтматов, ТөрөкулДем алууСеметейдин Чынкожо, Толтойду Жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшүАлфавитМамлекеттик бюджетЭволюцияЧагылганТеңир-ТооСарыбагышБаш мүчөКометаКитептин тарыхыМеталлКалык АкиевДаникеев, ӨскөнКанадаКонфликтМите ооруларыСары-Челек биочөйрөлүк коругуСалык саясатыАныктоочСын атоочБаш сүйлөмПатологияҮркүнОрусиядагы жарандык согушБилим берүүЭтикаСүйлөмТоп жылдызТүшүндүрмө мүчөКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиУкукТатаал сөздөрКомплекстүү бирикмелерHTMLКаада- салттар,ырым-жырымдарСөз байланышыУлуу жибек жолуАппендицитКосмосЗатДемократияТогуз коргоолАжал ордунаБайчечекейАлай тоо кыркасыЖамийла (повесть)Махмуд КашгариКеңеш ЖусуповАйгүл гүлүКошчу союзуАла-Арча Улуттук ПаркРоза гүлдүүлөрБуржуазиялык революцияАлыкул ОсмоновМорфологияКыргызстандагы металлдарТүндүк АмерикаЭлектр каршылыгыМутацияКыргыз тилинин жазуу эрежелериБаяндамаӨпкөнүн сезгениши🡆 More