Нукуалофа – Тонга Королдугунун борбору.
Тонга архипелагындагы Тонгатапу («ыйык түштүк») ири шуру аралында жайгашкан. Климаты тропиктик. Жылдык орточо температурасы 20˚Сден 26˚Сге чейин. Жаан-чачыны 1500 мм. Калкы 24,3 миң (2010). Өлкөнүн башкы порту (негизинен сыртка копра, банан чыгарылат).
Аралга европалыктардан алгачкылардан болуп 1643-жылы голландиялык деңиз сүзүүчү Абель Тасман, 1773- жана 1777-жылы Ж. Кук келген. 1970-жылы протекторат жоюлгандан кийин Нукуалофа - Тонганын борбору. Король ак сарайы (1865–67), ак сөөктөрдүн табыттары жана башка сакталган. Жыл сайын окумуштуу ботаниктер (миңдеген орхидеялар жана бадал гүл бакчалар кызыгууну арттырат), ихтиологдор (ар түрдүү деңиз жаныбарларын окуп-үйрөнүү үчүн), суучулдар келишет. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нукуалофа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.