Мюзикл (англис тилинде musical comedy – музыкалык комедиянын кыскартылып айтылышы) – көбүнчө күндөлүк турмушта колдонулуучу музыкалык жанрларга таянуу менен хореографиялык, драмалык, опералык искволордун жетишкендиктерин пайдаланган музыкалык жанр.
Опереттадан айырмаланып, мюзикл татаал, өнүктүрүлгөн драматургия жана жалаң комедиялык мүнөзгө эле эмес, терең драмалык деңгээлге ээ болот. Музыкалык көркөм искусствонун жаңы жанры катары мюзикл 1920–30-жылдарда Америкада пайда болгон. Ал эми 1940–60-жылдары мюзикл бүткүл дүйнөгө тараган. Кыргыз музыка искусствосунда алгачкы мюзиклды композитор, аранжировщик Э. Кадырбаев («Махабат жылдызы», 2004, либреттосу акын К. Урмамбетовдуку) жазган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мюзикл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.