Математикалык логика – логикада математиканын формалдуу методдорун жана математикалык ой жүгүртүүлөр менен далилдөөлөрдүн логикалык изилдөөлөрүн колдонуунун натыйжасында түзүлгөн билимдер тармагы.
Математикалык логикада логикалык процесстер логикалык эсептөөлөр сыяктуу формалдаштырылган тилдерде аларды чагылдыруу аркылуу изилденет. Математикалык логикада логикалык эсептөөлөрдүн формалдуу түзүлүшүн изилдөө менен катар эле эсептөөлөр жана алардын интерпретациясы менен моделдери болуп кызмат кылуучу мазмундуу тармактарынын ортосундагы катыштарды кароо милдети да турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Математикалык логика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.