Майрам - күндөлүк турмуш менен байланышпаган, бош мезгилде өткөрүлө турган, ыйыктык чөйрөсү менен өзгөчө байланышы бар салтанаттуу мүнөздөгү коомдук окуя.
Майрам ага катышып жаткандардын баарынын бул чөйрөгө толук тийиштүү мамиле кылуусун талап кылат жана өзгөчө окуя катары белгиленет. Майрамдар эң байыркы мезгилдерден тартып кудайлардын урматына багышталып өткөрүлө баштаган жана курмандыкка чалуу, ыр-бий менен коштолгон. Ал адамдар менен жаратылыштын ортосундагы бузулган гармонияны калыбына келтирүүгө, адамдардын жаратылыш менен коомдон алыстоосун жоюуга тийиш эле. Майрамдардын көпчүлүгү белгилүү күндөрдө өткөрүлгөн, ал эми айрымдары зарылдыгына жараша белгиленип, мурдатан элге кабарланган. Майрамдын эстетикалык жагы: көңүл көтөргөн шаңдуулук, таасир берүүчү көркөмдүк, оюн-зоок, карнавал элементтери, театрлаштыруу өзгөчө мааниге ээ. Тиби боюнча майрамдар диний, элдик, кесиптик, мамлекеттик жана башкалар болуп бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Майрам, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.