Магнит талаасы – электр магнит талаасынын бир формасы.
Кыймылдагы электр зарядына жана магнит моментине ээ нерсеге аракет этүүчү материянын өзгөчө түрүн түзүүчү күч талаасы болуп эсептелет. Магнит талаасынын булактары – магниттелген заттар, тогу бар өткөргүчтөр жана кыймылдагы заряддуу бөлүкчөлөр. Магнит талаасы. терминин 1845-жылы 1-жолу англиялык физик М. Фарадей киргизген. Магнит талаасы заряддуу микробөлүкчөлөрдүн (электрон, протон, ион) кыймылынын натыйжасында пайда болуп, алардын өздүк магниттик моментине байланыштуу. Кыймылсыз заряддардын тегерегинде электр талаасы пайда болот. Өзгөрмө электр талаасы да (жылыш токтору) магнит талаасынын булагы болуп эсептелет. Магнит талаасы кыймылсыз заряддарга таасир этпейт. Магнит талаасы магнит индукциясынын вектору В жана магнит талаасынын чыңалышы Н менен мүнөздөлөт. Өзгөрмө магнит талаасы электр талаасынын жана өз кезегинде Магнит талаасынын өзгөрүшүнөн электр талаасы пайда болот. Магнит талаасы күч сызыктар менен мүнөздөлөт. Талаанын ар бир чекитинде магнит индукциясынын вектору күч сызыкка жүргүзүлгөн жаныма боюнча багытталат. Электр талаасынын күч сызыктарынан айырмаланып, магнит күч сызыктары туюк болот. Магнит талаасынын күч сызыктары ушул талаада аракет этүүчү күчтүн багытын көрсөтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Магнит талаасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.