Лозанна шаары (французча аталышы - Lausanne, италянча жана ромонжчо- Losanna) – Швейцариянын түштүк-батышындагы шаар.
Во кантонунун административдик борбору. Өлкөдөгү Женевадан кийинки 2-шаар. Женева көлүнүн түндүк жээгинде (порт), Женева шаарынан 66 км түндүк-чыгышта, Юра массивинин түштүк этегинде жайгашкан. Калкы 125,2 миң (2010; 1/3и чет өлкөлүктөр; шаар агломерациясында 250 миң). Ири жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн экономикалык жана маданий борбору.
Биздин заманга чейин 4-кылымда пайда болгон. Ыйык Франциска чиркөөсү (1270), Сент-Мер епископторунун сепили (1400), академиянын имараты (1579–87; учурда мектеп), эски госпиталь (1766–71; учурда мектеп), неоренессанс стилиндеги Лозанна университетинин корпусу, «Рюмин ак сарайы» (1898–1906), «Бель-Эр-Метрополь» бийик комплекси (бийиктиги 55 м; 1929–32) жана башкалар сакталган. Университет (1537; 20 институту), АКШнын онкология оорулар институтунун филиалы, политехникалык жогорку мектеп (1853), бир нече адистештирилген окуу жайлары, Атенеум (1945), китепканалар, музейлер (асем, дизайн жана заманбап искусство, М. Шагалдын, Ж. Арпанын, С. Далдын айнектен жасалган чыгармалар топтому), сүрөт галереясы, Эрмитаж парк музейи, театр жана башкалар бар. Лозаннада Эл аралык олимпия комитетинин, тамеки индустриясынын дүйнөлүк ири концернинин, энергетика корпорациясынын штаб-квартиралары, 14 эл аралык спорт федерациясы жана арбитраж соту, допингге каршы дүйнөлүк агентчиликтин Европадагы өкүлчүлүгү, бир нече спорт курулуштары жайгашкан. Радиоэлектроника, электр-техникалык, так механика жана оптика, фармацевтика, жеңил (саркеч кийимдер), тамак-аш– татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Зер буюмдар чыгарылат. Жүзүмчүлүк менен бакчылыктын борбору. Жыл сайын эл аралык марафон өткөрүлөт. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лозанна шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.