Женева көлү, Леман көл — (кельт тилинде gеnа – чат, дарыя чаты) Швейцария менен Франциянын аймагында, Батыш Альп жана Юра тоолорунун аралыгындагы өрөөндө деңиз деңгээлинен 372 м бийикте жайгашкан.
Аянты 582 км2, узундугу 72 км, тереңдиги 310 мге чейин. Жээгинин көп бөлүгү бийик, тик. Женева көлү аркылуу Рона дарыясы агып өтөт. Кеме жүрөт. Жээгинде Женева, Лозанна шаары (Швейцария) орун алган. Климаттык жана бальнеолдук курорттору: Веве, Монтрё (Швейцария), Эвьян-ле-Бен (Франция) жана башка, туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Женева көлү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.