Литургия (гр.
leitos – бүткүл элдик, коомдук, urgos – иш, милдет) – чыгыш христиан чиркөөсүндөгү негизги сыйынуу салты. Литургия ырдоо жана айтуу үчүн арналган сыйынуу сөздөрүнөн турат. Литургия сөздөрү өз кезегинде өзгөрүлүп туруучу (диний майрамдарга жараша) жана туруктуу кайталануучу болуп экиге бөлүнөт. 18-кылымдын экинчи жарымынан тартып литургия композиторлор тарабынан көп үндүү салтта жазылып, анын чиркөөдө эмес, концерттик эстрадада аткарылуучу үлгүлөрү да жарала баштаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Литургия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.