Лимон кислотасы, С6Н807 — жандуу табиятта кеңири таралган, үч негиздүү орг.
Ал сууда, спиртте жакшы, көпчүлүк орг. эриткичтерде начар эрийт. Эрүү t 153°G. 175°Сде суунун молекуласы бөлүнүп чыгып, аконит кислотасына айланат. Лимон кислотасынын туздары—цитраттар. Анын натрий туздары сууда жакшы, ал эми үч негиздүү кальций тузу начар эригендиктен, ал Лимон кислотасын башка эритмелерден бөлүүдө колдонулат.
Лимон кислотасы организмдеги биохим процесстерде пайда болот. Жаныбардан айырмаланып, бир катар өсүмдүктөр жанa микроорганизмдер лимон кислотасын топтойт. Ал тамак-аш өнөр жайында, медицинада, сүрөт жанa боёо ишинде пайдаланылат. Өнөр жайда ал махоркадан (никотинди бөлүп алгандан кийин), көбүнчө кантты ачытуудан алынат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лимон кислотасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.