Ливон ордени – Ливониядагы немис ордени; Тевтон орденинин үч бөлүмүнүн бири, католиктик диний-рыцардык ордени.
Ливон ордени 13–16- кылымда Саул салгылашуусунда (1236) талкаланган Кылыччандар орденинин калдыктарынын Тевтон орденине кошулушунан түзүлгөн (1237). Ливон орденинин карамагына герман рыцарлары басып алган Чыгыш Прибалтикадагы латыш жана эстон жерлеринин 2/3 бөлүгү кирген жана ордендин башында магистр туруп, анын резиденциясы Рим же Венденде (Цесисте) жайгашкан. 13-кылымда Ливон ордени Чыгыш Прибалтикадагы немис феодалдары жана католик чиркөөсүнүн негизги аскер күчү болуп калган. 13-кылымдын аягында Чыгыш Прибалтикадагы саясий гегемония үчүн ригалык архиепископторго каршы күрөштө жеңишке жетип, 1330-ж. Риганын феодалдык сеньоруна айланган. 1346-ж. Ливон орденине Түндүк Эстляндия кирген. Бирок Тевтон ордени талкаланган соң (к. Грюнвальд салгылашуусу, 1410), Риганын үстүнөн 2 сеньордун (архиепископ жана Ливон орденинин) бийлиги орногон. Мындай абал 16-кылымдын 60-жылдарына чейин сакталган. Ливон ордени 13–15-кылымда Литвага жана орустарга (Русь) каршы бир нече жолу согуш жүргүзүп, бирок алардан жеңилип калган (мисалы, Муз үстүндөгү салгылашуу, Дурбенин жанындагы салгылашуу, Эргемдеги салгылашуу). 16- кылымдын 20-жылдарында немис феодалдары менен эстон дыйкандарынын карама-каршылыктары күчөп, Ливон ордени начарлаган. Ливон согушунун (1558–1583) учурунда 1561-ж. Ливон ордени кулап, анын ордуна Курляндия герцогдугу түзүлгөн. Ливон ордени расмий түрдө 1562-ж. 5-мартта биротоло жоюлган.3
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ливон ордени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.