Кыргызстандын Конституциясы, расмий түрүндө — Кыргыз Республикасынын Конституциясы — Кыргызстандын башкы мыйзамы.
Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган.
30-апрель 1929-жылы Экинчи Бүткүлкыргыз Кеңештер съезди Конституция долбоорунун акыркы редакциясын карап чыгып аны бекиткен. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясы ОСФСР Конституциясынын негизинде кабыл алынган. Кыргыз АССРинин 1929-жылдагы Конституциясына чейин кыргыз тарыхында бир да конституция болгон эмес.
5-май 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында Кыргызстан Конституциясын кабыл алган. «Легендардуу парламенттин» курамы 1990-жылдагы биринчи альтернативдик шайлоодо түзүлгөн. Бул парламент КР мамлекеттик көзкарандысыздыгына саясий жана укуктук негиздерди жана демократиялык коомду куруу жана эркин базар саясатын уюштурууну түзгөн бийлик органы катары тарыхта калган. «Легендардуу парламент» тарабынан кабыл алынган тарыхый актылар:
- Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация (15-декабрь 1990-жыл);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация (31-август 1991-жыл);
- Көзкарандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы (5-май 1993-жыл);
2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституцияда республиканын башкаруу формасы жазылган эмес. Расмий булактарда парламенттик башкаруу формасы тууралу айтылган. Де-факто башкаруу формасы — парламенттик-президенттик (аралаш) болгон.
2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25-жыл болгонуна арналган парадындагы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн:
Биринчиден, 2010-жылкы Конституция өлкөдө парламенттик башкарууну орноткон жок. Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик системага алып келген, авторитардык режимди негиздөөгө анын ичинде бардык шарттар бар.Оригиналдык текст (орусча)Во-первых, Конституция 2010 года не ввела в стране парламентскую систему правления. Эта Конституция привела нас к президентско-парламентской системе, и в ней заложены все условия для создания авторитарного режима.
— А. Ш. Атамбаев
Бул конституция 2021-жылдын 5-майына чейин иштеген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргызстандын Конституциясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.