Карасай уулу Кусейин (орус.
Филология илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992).
Карасай уулу Кусейин (орус. Карасаев Кусеин Карсаевич) | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Карасай уулу Кусейин |
Туулган жылы: | 1901-жыл |
Токтоян | |
Туулган жери: | Кен-Суу айылы, Туп району, Кыргызстан |
Өлкө: | |
Ишмердүүлүгү: | тилчи, лексиколог |
1901-жылдын 5-январында азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлѳдѳ тѳрѳлгѳн.
1946-жылдан тарта КПСС мүчѳсү. Эски мектептен кат тааныган. Алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун бүтүргѳн (1931).
1921-1922жж. Кең-Суу айылдык революциячыл комитетинин (Селревком) тѳрагасына орун басарлык кызматты аткарган, маданий-агартуу кызматтарда иштеген.
1923-1925жж. Ташкент шаарындагы кыргыз агартуу институтунан окуган. Бул институтта окуп жүрүп «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы сандарын чыгарышкан жана ага кабарчылык кылган, Орто Азия мамлекеттик университинин жумушчу факультетине кыргыз тилинен сабак берген (1923-1927) , ошондой эле ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунун бюросуна мүчѳ болгон.
1927-жылы Карасаев Бакуда ѳткѳн жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинин пленумуна катышкан.
1931-1940жж.Кыргыз маданий курулуш илимий изилдѳѳ институтунда (КирНИКС; кийин тил, адабият, андан кийин тил, адабият жана тарых илимий изилдѳѳ институту) илимий кызматкер.
1951-1974-жж.Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.
Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппе түзүшкѳн, ѳзү да «Сабат ачкыч» (1927) алиппесин жазган.
Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.
Ал И.А.Батманов менен бирге кыргыздардын сѳздүк жаатындагы туңгуч эмгеги – «орусча-кыргызча сѳздүктү» (1938) түзгѳн, 1944-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктүн» басымдуу бѳлүгүн, 1957-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктү» түзүшкѳн.
1966-жылы Карасаев тарабынан чоң «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» (60 миң сѳз) жарык кѳрдү.
Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун,котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын «Котормо жайында», Манас»,Кыргыз ырларынын түзүлүшү дегендей макалалары далил.
Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан. Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон.Семетей баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, 1931-жылы айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди Фрунзе шаарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан «Манас» эпосун жазып алууну уюштурган.
М.Горький, А.Радищев, Л.Крючковский, Р.Тагор жана башка жазуучулардын чыгармаларын которгон.
Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдары менен сыйланган.
Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кусеин Карасаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.