Коопсуздук Техникасы

Коопсуздук техникасы - туура жана коопсуздук эмгек шартын камсыз кылуучу техникалык жана санитария-гигиеналык иш-чаралар менен каражаттар комплекси.

Администрация коопсуздук техникасынын жаңы каражаттарын киргизүү менен өндүрүштүк кырсыкка чалдыгууну болтурбоого жана жумушчу менен кызматчыларды кесип ооруларынан сактоочу санитария-гигиеналык шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Коопсуздук техникасы иш-чаралар ар бир ишкананын эмгекти коргоо кызматкерлери (Коопсуздук техникасы бөлүмү, бюросу, тобу) эмгек шартын, андагы технологиялык процесстер менен жабдууларды, кырсыкка чалдыгуунун жана кесип ооруларынын себебин (к. Кесип оорулары, Кесип зыяндуулугу) анализдөө менен иштеп чыгат. Ал эми тармактык эреже менен нормалар министерстволор, ведомстволор мамлекеттик санитариялык көзөмөл органдары менен биргелешипже профсоюздардын борбордук комитеттери менен эмгекти коопсуздандыруу стандартынын жалпы системасына ылайык макулдашылып бекитилет. Ишкананын администрациясы профсоюздун жергиликтүү комитети менен бирге коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга чара көрөт. Администрацияга Коопсуздук техникасы боюнча жумушчу менен кызматчыларга инструктаж өткөрүү, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча инструкциянын бардык талаптарын кызматкерлер так аткаруусун дайыма көзөмөлдөө жүктөлөт.

Иштин коопсуз ыкмаларын жумушчуларга үйрөтүү үчүн ишканаларда Коопсуздук техникасы боюнча окуу жана көрсөтмө каражаттар менен жабдылган дайыма иштөөчү кабинеттер уюштурулат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Гигиена

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЭлектрКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруБүркүтАдеп тарбиясыКыргыз Ала-ТооТоталитардык (төбөлдүк)Буйрук сүйлөмЭмгек ырларыКыргыз Республикасынын БаатырыБарпы АлыкуловАфрикаТаштандыларды жок кылууОшОкутуу методуТиричиликЖусуп АбдрахмановМар БайжиевТемир жол транспортуТянь-Шандын түндүк тизмегиСак цивилизациясыАнтонимКаныбекКыргызстандагы коло дооруКаратма сөзЭл аралык укукТериКошожашФосфорТоголок Молдонун чыгармаларыАнглияГлобалдык көйгөйлөрКозу карындарЭсенкожоев КусейинСооронбай ЖусуевМейкиндикКыргызстандын дары сууларыСүймөнкул ЧокморовКыргыз тилиТүштүк-Батыш АзияЖакыпОмофондорСот бийлигиВолейболМолдо НиязЭкинчи дүйнөлүк согушУсун мамлекетиАвстралия (континент)ТактоочБасым (физикалык)Бөлүп чыгаруу системасыБабурАныктоочТоо-кен өнөр жайыКыргыз сүрөт өнөрүЭки миң сомКеңеш ЖусуповАзербайжанОмонимдерЩелочтуу металлдарКомуз күүсүИманалиев Элмирбек КалиловичТалас облусуБириккен Улуттар УюмуДемократияЖапонияЖыл сүрүү жадыбалыМиланЭпосУлуттук эсепЖоон үндүүлөрКыргызстандагы таш дооруЖай мезгилиСинтетикалык каучукКаада-салтПсихологияӨзгөргүчтүк🡆 More