Кидик бүркүт (Hieraaetus pennatus), (J.F.
Gmelin, 1788):
Европанын түштүгүндө, Африкада, Орто жана Түштүк Азияда, Жаңы Гвинея жана Австралияда, республиканын токойлуу тоолорунда кездешет.
Ар кандай типтеги токойлордо, көбүнчө жалбырактуу, ийне жалбырактуу токойлордо сейрек кездешет.
Кыргызстандын шарттарында саны такталган эмес. Ар кандай жактарда анын саны көп эмес. Акыркы үч жылдын ичинде 2 особң 2001, 2002 жж. кездешкен .
Көчмөн куш. Республиканын территориясына апрелде келет. Уяларын көбүнчө жалбырактуу, чанда гана ийне жалбырактуу дарактарга салат. Уясында 1-2 жумуртка болот. Куштар менен, чанда гана майда кемирүүчүлөр жана сойлоп жүрүүчүлөр менен тамактанат.
Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо.
Маалымат жок.
Коргоо үчүн атайын чаралар колдонулган эмес, бирок республика боюнча аны кармоого тыюу салынган.
Коруктардын территорияларында коргоону уюштуруу. Уялоочу жерлерге ӨКЖА уюштуруу. Чектөөчү факторлорду аныктоо, түрдүн биологиясын толугу менен изилдөө.
VI категория, Near Threatened, NT: R. Аз изилделген куш. Монотиптүү түр . Кыргызстандын фаунасында бир уруунун жалгыз өкүлү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кидик бүркүт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.