Кастри – Сент-Люсия мамлекетинин борбору, шаар.
Кастри округунун административдик борбору. Сент-Люсия аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө, Кариб деңизинин жээгинде жабык бухтада жайгашкан. Калкы 9,9 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына бир миң, анын ичинде круиздик кемелер тейленет). Кастри 19-кылымдын башында англичандар тарабынан негизделген. 1814-жылдан Улуу Британия ээлигинин аймагында болгон (бул мезгилде Сент-Люсия расмий түрдө Британия ээлиги деп жарыяланган). 1979-жылга чейин формалдуу түрдө гана административдик борбор деп эсептелген. 1979-жылы Сент-Люсия көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Собор (1894–1931), Ыйык Троица чиркөөсү, Вест-Индия университетинин филиалы бар. Соода кылуунун ири борбору. Айыл чарба азыктарын белендөөчү (лимон ширеси, ром, кант жана башка) жана алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ишканалары иштейт. Кустардык жол менен белек-бечкектер даярдалат. Жыл сайын жаз музыкасы фестивалы өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, виндсёрфинг жана дайвинг) өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кастри, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.