Кабак

Кабак – ашкабактар уруусундагы бир жылдык жашылча өсүмдүгү.

Кадимки жана катуу кабыктуу ашкабактын тез бышуучу түрү. Өркүнү түз, бир аз бутактанат.Гүлү айрым жыныстуу, сары түстө. Мөмөсү көбүнчө сүйрү, бир аз ийилген. Кабак суукка байымсыз, күрдүү, нымдуу жерде жакшы өсүп, көп түшүм берет. Кабак тез жетилип, өнүп чыккандан кийин 40-50 күндө жегенге жарайт. Мөмөсүндө 2,55% кант, 0,55% белок, 0,13% май бар. Толук быша элек мөмөсү консерваланат, ошондой эле малга (уй, чочкого) берилет. Гектарынан 200-300 цден түшүм алынат. Кабактын райондоштурулган сорттору: Грек 110 (Орто Азияда), Грибов 37 (Россия Федеациясы, Украина, Беларуссия), Сотэ 38 (Молдавия, Тажикстан) ж. б. Кабактын уругу топурактагы температура 12-15°Сге жеткенде себилет, көчөттөрү 20-25 күндө отургузулат. Кыргызстанда негизинен Грек 110 сорту эгилет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жарандык укукБилимСооронбай ЖусуевБазар экономикасыТок күчүТермелүү кыймылыНерв системасыБруцеллёзХронологияЭтишКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиКыргызстандын чек араларыЭлечекМенингитОрозов КарамолдоБөлүкчөПрограммалоо тилиЖердин экологиялык маселелериАтама сүйлөмМамбетимин уулу КазыбекКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыСтилистикаКыргыз урууларыСоциалдык психологияТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыДезинфекцияТүрк кагандыгыТыбышРуханий маданиятГрецияСинонимҮй-бүлөБаланын укуктары жөнүндө конвенцияФразеологизмКыргыз композиторлоруБектурсун АлымовДүйшөнкул ШопоковУлуу Кыргыз ДөөлөтүТүндүк АмерикаМанас эпосуКулмырза менен АксаткынБашкы баракЭмгек келишимиЭлектр тогуАмир ТемирТамырМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыУлуу Ата-Мекендик согушКаныбекКоммуникацияИсламМаданий өсүмдүкФранцияТүйүлдүкТезисКыргыз сомуРепортажАбиотикалык факторлорКыргызстанКыргызстандын гербиТөрт бурчтукКасымалы БаялиновЖетимишев СейитКошойЭхинококкозОперациялык системаВолейболАнатомияМамлекетКыргызстан театрларыПровайдерГормонТерроризмСеметей эпосуСөзЗаманачы акындарАлай району🡆 More