Иоганн Вольфанг фон Гөте (нем. Johann Wolfgang von Goethe (маалымат); Баш оона айныны 28, 1749, Майндагы Франкфурт, Германия — Жалган куран айынын 22 1832, Веймар, Германия) – немис акыны, ойчул, илимпоз.
Иоганн Вольфганг фон Гөте | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Johann Wolfgang von Goethe |
Туулган жылы: | 28.08.1749 |
Туулган жери: | Франкфурт-на-Майне, Германия |
Өлкө: | Германия |
Каза болгон жылы: | 22.03.1832 |
Каза болгон жери: | Веймар, Германия |
Ишмердүүлүгү: | Акын, Драматург, Прозачы, Философ, Илимпоз |
Илимий багыты: | Даанышмандык доору,Сентиментализм |
Жанры: | Трагедия, Драма, Поэма, Роман |
Кызыкчылыгы: |
Германия агартуучусунун ири өкүлү, жаңы немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүштү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз.
Билимдүү бюргердин үй-бүлөсүнөн. Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. 1770-жылдан Гөтенин чыгармачылыгында жаңы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары менен драмалары жаралат. Гөтенин «Фауст» (1-бөлүгү, 1808; 2-бөлүгү, 1825–31) трагедиясы 18-кылымдагы бүткүл Европадагы агартуучулук ойду жыйынтыктап, адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таамай берилген.
Гөтенин көркөм мурасы дүйнөлүк адабиятка зор таасир тийгизген, көп тилдерге которулган. Анын айрым ырлары жана «Фауст» трагедиясы кыргызча чыккан (1970).
Гөте табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгек жазган. Кадимки «морфология» деген терминди илимге Гөте киргизген. Гетенин бардык чыгармачылыгы философиялык менен ширелген. Ал иштеп чыккан тааным диалектикасынын борборунда анализ жана синтез тажрыйба көлөмжана субъектин ортончусу катары түшүнүктөр болгон.
Ал философиянын тарыхы жагындагы өтө кеңири кругозорго ээ болгон. Спиноза, Артистотель, Платон, Канттын эмгектерин чыгармачылык менен таанышып чыкан. Гегель менен достук мамилеси Гөтенин диалектикасынын тагдырына чоң таасир берген. Символ, столь эстетикалык түшүнүктөрүн иштеп чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иоганн Вольфганг фон Гөте, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.