Ижевск - (1985-87-ж.
Устинов) Удмурт Республикасынын борбору. Россиядагы шаар (1918-жылдан). Иж дарыясы Кама дарыясына куя бериште (40 км жогору) жайгашкан. Калкы 615,7 миң (2007). Темир жол тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мотоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдонуучу куралдар, нефть өнөр жай үчүн жабдуу), кара металлургия (анын ичинде «Ижмаш»), электр-техникалык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары, «Ижнефтемаш», «Ижсталь» ААК, радио заводдору иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университети), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жылдан Воткин автономия облусунун, 1934-жылдан Удмурт Республикасынын борбору.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ижевск, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.