Жээн - аялдын төркүнү тараптагылардын анын балдарына карата туугандык мамилесин билдирген атоо.
Кыргызда жээндин колуктусу «жээн келин», жээн кыздын күйөөсү «жээн күйөө» деп аталат. Жээндердин балдары «жээнчер» деп аталат. Салт боюнча жээн бала бир тууган катары эсептелип, 3-4 ата өтө эле жакын таякелеринен кыз албай, өз кезегинде жээн кыз андай жакын туу- ган таякелерине турмушка чыккан эмес. Бул салт жээнчерлерге карата колдонулган эмес. Энесай кыргыздарынын урпактары болгон хакастарда жээн (хак. чен) тайлар тарабынан өтө урматталып, «баркы» (белек-бечкек) же белгилүү өлчөмдөгү, көлөмдөгү энчи бөлүп берүүгө милдеттүү болушкан. Кыргыздарда бүгүнкү күндө бул салттын айрым элементтери сакталып калган. Мисалы, торпок, тай, жылкы энчилөө жана башкалар. Бул салт энелик доордон бери уланып келе жатканын байкоого болот. Мунун параллелдерин бүгүнкү күндө түштүк алтайлыктардан, тувалардан, хакастардан да байкоого болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жээн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.