Жергиликтүү өзалдынча башкаруу — жергиликтүү бирлештиктердин бийлик органынын өкүлчүлүктүү (кеңештер) жана аткаруучу (мерия, шаар башкармалыктары, айыл өкмөттөрү), ошондой эле жарандардын түздөнтүз катышуулары аркылуу жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу укугу жана иш жүзүндөгү чыныгы жөндөмдүүлүгү.
Ж. ө. б. органдары, эреже катары, мамлекеттин бийлик органдарынын тутумуна кирбейт, бирок ишке ашырылышы мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө туруучу бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болот.
1991-жылы апрелде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. 1994-ж. 18-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шаардык, поселкалык, айылдык органдарына алгачкы эркин шайлоолор өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан ишке Алдан жакшы ашырылат, алар мыйзамдын чегинде жана өз жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги иштерди башкарат. Жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу жергиликтүү кеңештер жана мыйзамда белгиленген тартипте калктын өзү тарабынан түзүлгөн башка органдар аркылуу ишке ашырылат. Жергиликтүү кеңештер: өз аймагында социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт, жергиликтүү бюджетти, анын аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитет, алар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга көз каранды эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаты 4 жылдык мөөнөткө шайланат жана жергиликтүү кеңеште айткан пикири жана берген добушунун натыйжасы үчүн куугунтукталбайт. Ар бир облуста губернатор, райондордо жана шаарларда жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл-кыштактарда айылдык өкмөттөр түзүлгөн. Айыл өкмөтү аткаруу-тескөө органы катары өзүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү бюджетти түзөт жана анын аткарылышын уюштурат, айылдын экономикасын башкарат, калкты социалдык жактан тейлөө, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б. иштерин тескейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.