Айыл

Айыл – көчмөн турмушка ылайыкташтырылган социалдык, аймактык бирикменин түрү.

Айыл туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү 8 аталарынын аты менен аталган. Айылдын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп-көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук-саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде айылдар жакын-жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган.

Айыл

Тынчтык мезгилде айылдар бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Манаптардын катмары пайда боло баштаганда айылда өзгөрүүлөр күч алып көчмөн шартта жаралган салттар көз көрүнө бузула баштаган. Көчмөн айылдар 20-кылым 40-жылдарынын башында толугу менен отурукташкан.

Колдонулган адабият

Tags:

ЖайытСогуш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ИнтеграцияКылмышЧүкө оюндарыАйлана (математика)Окутуу методуЭпикалык текКлетка теориясыКыргыз музыкасыКакырыкКыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарындаКомуз күүсүСан атоочЗатАйлана-чөйрөКаныбекУланма реакцияларКар көчкүАт жабдыктарыҮркүнБир тутумдуу сүйлөмДем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алууМамлекетМарсБилим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюму (юнеско)Жетимишев СейитПрокси серверУзак жолРысбай АбдыкадыровПедагогикалык изилдөө методдоруСүйүүЭтишСейтек эпосуКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүМахмуд КашгариКусууЖусуп БаласагынЖоопкерчиликЧечендик өнөрКыргыз Республикасынын БаатырыЭнчилүү aтЮпитерСПИДМаститЖутакеев АбылкасымБугу (уруу)Какырык чыгаруучу дарыларЖай мезгилиВитамин CКан басымыОрозбак уулу СагымбайИса АхунбаевТүштүк АмерикаТамак сиңирүү системасыАалы ТокомбаевКыргызстандын гимниБайыркы кыргыздарОш«Жаңыл Мырза»БуудайАдам укуктарыЫшкынБасыз, урууИтийСинонимСаякбай КаралаевЗат атоочЫсык-Көл облусуТилдердин классификациясыТарыхГареев Энвер ЗакизьяновичТеңир-ТооСарыкКаллиграфияӨзгөнПолот ханЧүчөк (энтеробиоз)🡆 More