Дөрө-Суу мрамор оникси кени — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыштагынан 15 км Түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун Түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан.
1966-ж. табылган. Кен аймагын палеогендин конгломераты менен ордовиктин аягында пайда болгон гранит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат менен граниттин кошулган жериндеги тектон. жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аянты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс саргыч арагонит менен кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10ґ10ґ15 см. Запасы 70 м3. Белектик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дөрө-Суу мрамор оникси кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.