Дуэро (португалча Douro, испанча Duero; кельт тилинде dur – дарыя, суз) – Пиреней жарым аралындагы дарыя.
Испания менен Португалияда. Узундугу 925 км, алабынын аянты 95 миң км2дей. Иберия тоолорунан башталып, Эски Кастилия бөксө тоосун кесип өтөт. Деңиз боюндагы ойдуңду көздөй агып, каньонду пайда кылып, Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 700 м3/сек (Пиреней жарым аралындагы суусу эң мол дарыя), кышында, жазында кирет. Суу сактагыч, ГЭС бар. Чатынан 200 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Жээгинде Сория, Самора (Испания), Порту (Португалия) жана башка шаарлар жайгашкан.
Дуэро | |
---|---|
Дуэро (Порту). | |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дуэро, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.