Дмитрий Шостакович

Дмитрий Дмитриевич Шостакович (1906, Петербург - 1975, Москва) - орус композитору.

СССР эл артисти (1954), Социалисттик Эмгек Баатыры(1966).

  • Искусство таануу илимдеринин доктору (1965).
  • Ленинград консерваториясын (1923, фортепьяно; 1925,композиция классы боюнча) бүткөн.
  • Шостакович - 20-кылымдагы ири композиторлордун бири.
  • 19 жашында жараткан тунгуч симфониясы (1925) аны дүйнөгө тааныткан.
  • Улуу Ата Мекендик согуш учурунда совет элинин майтарылбас эрки, баатырдыгы «Жетинчи симфониясында» (Ленинград) чагылдырылган.
Дмитрий Шостакович
Дмитрий Дмитриевич Шостакович (1950)

Ал «Мурун» (Н. Гоголь боюнча, 1928; 1930-ж. коюлган), «Катерина Измайлова» (Н. Лесков боюнча, 1932;1934-ж. коюлган) операларын, «Алтын кылым» (1930), «Жарык булак»(1934) балеттерин, «Москва, Черёмушки» (1959) опереттасын, «Мекен жөнүндө поэма» (солист, хор жана оркестр үчүн, 1947), «Токой жөнүндө ыр» (оратория, 1949); 15 симфония(1925-69), «Майрамдык увертюра»(1954), симфониялык чыгармалар, оркестр менен фортепьяно үчүн концерттер (1933, 1957), романстар, кинофильмдер үчүн музыка ж. б. жазган.

1963-ж. «Орус совет музыкасы Кыргызстанда» деген он күндүккө РСФСР композиторлорун жетектеп келип, «Кыргыз жана орус темаларына увертюра» жазган. Тынчтыкты коргоонун бүткүл дүйнөлүк комитетинин (1968) мүчөсү.

Ленинград(1937-39, проф.), Москва (1943-48)консерваторияларында педагог. Тынчтыктын эл аралык сыйл. (1954),Лениндик сыйл. (1958), СССР мамлекеттик сыйл. (1941, 1942, 1946, 1950, 1952,1968), Я. Сибелиус атындагы сыйл. (1958)лауреаты.

Чет элдик музыкалык , көркөм өнөр, искусство академияларынын мүчөсү, корр. мүчөсү жана проф. СССР Жогорку Советине (6-9-шайл.) депутат.

Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

Tags:

19541975Москва

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Нерв тутумуРефлекстерЩелочтуу металлдарЖаш манасчыларКызамыкКошмок сөздөрЕвразияАтама сүйлөмТамак сиңирүү системасыTik TokЖерЛатын АмерикасыДинЗомбулукБишкек баатырЖер тобундагы планеталарХимиялык булаларСалтанат (көркөм тасма)Түштүк КореяОмор СултановБаш мүчөМоскваМанасРиторика.Риторика илими.БышыктоочКүч (механикада)Үчтүк союзСоветтер Союзунун баатырыЛексикологияТүштүк АмерикаИталияАтом ядросуРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)КошожашЖугуштуу ооруларКоёндор жапайыСөөк системасыМенингитКыргызстандагы коло дооруЖер титирөөКомпьютердик графика –Кыргызстандын гимниТери ооруларыТамактанууЧабалекейлерМаданий өсүмдүкМаркетингБир тутумдуу сүйлөмТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүУбакытКыргыздардын тарыхыОлимпиялык оюндарБайыркы РимЭлементтер мезгилдик системасыМухаммед пайгамбарЖусуп АбдрахмановЖакшылыков АсанЖаратылышты коргооОмонимдерБакайАйлана-чөйрөЭкосистемаРефератАминдерЧакчылБаяндоочАйыл чарбаны коллективдештирүүӨтмө мааниНарынФергана тоо тизмегиКавказ«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»Темир жол транспортуКумтөрОрганикалык химия🡆 More