Диссонанс (лат.
dissonans - ар кандай үңдүү ) - эки же бир нече үндөрдүн айкалышынан келип чыккан кулакка жагымсыз угулуш. Интервалдардын ичинен диссонанстарга секунда,септима,ноналар киришет. Мажордук жана минордук үч үңдүүлүктөр жана алардын айланыштарынан башка аккорддордун бардыгы диссонанс аккорддор деп эсептелинет. Музыкада диссонанстар толкундоонун чыңалышын күчөтүүгө шарт түзүү менен катар,туруктуу консонанстарга өтүүнү талап кылат. XX кылымдагы ар кайсы музыкалык стилдердин өзгөчөлүк белгилеринин бири гармониялык диссонанастардын аябай көп түрлөрүнүн кеңири колдонулушу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диссонанс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.