Музыкалык акустика – музыка аткарууга жана баамдоого байланыштуу анын объективдүү мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөчү илим, акустиканын бир түрү.
Анда добуштун бийиктиги, катуулугу, тембри (боёгу) жана созулушу, консонанс жана диссонанс, музыкалык система жана түзүлүш изилденет, о. эле музыкалык кабылдоону, музыкалык аспаптар менен аспапташтырууну, гармония менен ырчынын үнүн изилдейт. Музыкалык теориянын бир бөлүгү катары Музыкалык акустика байыртан философтор менен музыканттардын көңүлүн буруп келгенетикалык19-кылымда немис физиги жана физиологу Г. Гельмгольц, 20-кылымдын башында К. Штумпф жана В. Кёлер (Германия) М. аралынын изилдөө чөйрөсүнө кеңейткен. Радиостудиянын акустикасы, үн жазуу жана көчүрүү студиялары, стереофониялык жазуу ыкмалары иштелип чыгууда. Жалпы физ. акустика жөнүндөгү маалыматтарга жана ыкмаларга таянат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Музыкалык акустика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.