Дербиш (фарсча dдrveљ – сөзмө-сөз – жакыр, тентимиш) – дүнүйө-байлыктан кечкен, коомдон өзүн бөлгөн, эмгектенбей, эл кыдырып, күн өткөргөн үй-жайы, бала-чакасы жок, дин адамы.
Алар «Бул дүйнө – жалган дүйнө, чыныгы дүйнө тигил жакта, бул дүйнөдөн канчалык азап тартсак, тигил дүйнөдөн ошончолук жыргал көрөбүз» деген түшүнүк менен жашашат. Дербиштер дүнүйө жыюуга, байлык топтоого, мансапка, өнөр үйрөнүп, аны жеке турмушу үчүн пайдаланууга эч кызыгышпайт, үй-бүлө күтүүгө умтулушпайт. Өздөрүнүн ушундай жашоосун «бейиш жолу» деп эсептешет.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дербиш, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.