Гистология

Гистология - (грекче histоs – ткань жана ...логия) – айбанат жана кишинин ткандары жөнүндөгү илим.

«Гистология» терминин илимге немец илимпозу К. Майер (1819) киргизген. Гистология ткань эволюциясын түшүндүрүү, организмдин өсүүсүн (гистогенез), клетка функциясын жана ар кыл ткандардагы клеткалардын өз ара байланышын ж. б. изилдейт. Гистология өзүнчө илим катары 19-кылымдын 30-жылдары өөрчүгөн. Ал мезгилде микроскоп өркүндөтүлүп, ткань даярдоо техникасы бир кыйла өнүккөн. 1839-ж. немец биологу Т. Шванн аныктаган клетка теориясы гистология методологиясына негиз болгон. 19-кылымдын 2-жарымы 20-кылымдын башында эпителий тканы, ички ткань, булчуң тканы, нерв ткандары жөнүндө маалымат алынган. Гистология жалпы жана айрым болуп бөлүнөт. Жалпы гистология ар кыл типтеги клеткага таандык өнүгүү процессин, дифференцияга туруктуулугун сактоо механизмин жана анын өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Жалпы түйүлдүктүн өөрчүшүндөгү ткандын түзүлүү гистогенезин, ошондой эле жаныбар тканынын жаңырып турушун (жараат, үшүк ж. б.) изилдейт. Айрым гистология органдын гистологиялык жана клеткалык структурасын, гистохимиялык жана гистофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн билип, жыйынтыктап, органдын кыймыл-аракетин аныктайт.

Гистология

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КонцепцияКан тобуКошойЖомокТирсекЖасалма интеллектКан тамырларОозул (стоматит)Кыз СайкалХундарАжал ордунаКыргыз сомуДу ФуСүйлөм мүчөлөрүЧокан ВалихановКыргызстандын чек араларыКыргыз балдар адабиятыАтоочтук сөз айкаштарыЖер атмосферасыДиалектилик лексиканын пайда болуу жолдору жана булактарыБасымИндонезияЧыңгыз ханАлфавитҮндөштүкЭнесай Кыргыз кагандыгыТемпераментКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруТерроризмЖайыл баатырМорфологияКан«Көкөтөйдүн ашы»Окутуунун жаңы технологияларын пайдаланууМакал-ылакаптарАскердик кылмышНаристе балдарҮч бурчтукИнтерактивдүү окутууКыргызстан тарыхыЭң чоң жалпы бөлүүчүАлтыбасарова, ТоктогонКыргызстандагы жаныбарларЭлдик медицинаМеркурийКыргыз жазуусуАнтонимУлуу Кыргыз ДөөлөтүЧакан бизнес«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»ЖаратылышКыргыз урууларыБарпы АлыкуловЫсык-Көл ойдуңуКыргызстандын дары сууларыТамак сиңирүү системасыФайлдык системаларМорфемаМейозСүмөлөкКан айланууАк кеме (чыгарма)Кыргыз-Ойрот согуштарыКоомЖөндөмө категориясыКалпакСүймөнкул ЧокморовДаракКыргыз жазмасыСүйлөөАдабий сынЭмбриондук өөрчүүМар БайжиевЖөтөлгө каршы дарыларБронх астмасы🡆 More