Георгина, далия (Dahlia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөптөр уруусу.
Анын 15ке жакын жапайы түрү белгилүү. Георгинанын сабагы көңдөй, борпоң, бийиктиги 35-200 см; жалбырагы канаттай же үчилтик канаттай, тамыры түймөк, себетче топгүлү жөнөкөй, тармал, чала тармал; формасы, чоңдугу, түсү боюнча айырмаланат. Мексикада, Гватемалада, Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. Европада 18-кылымдан эгиле баштаган. Эгилме Георгинанын 8 миңден ашык сорту бар. Георгина калемчеси, уругу жана тамырынан өсүп чыгат. Күрдүү жана нымдуу топуракта жакшы өсөт. Өтө чоң гүл алыш үчүн 3 гана бутагы калтырылат, калган бутактары алынып ташталат. Кыргызстанда кооздук үчүн гүлзар, парк ж. б. жерлерде өстүрүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Георгина, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.