Генетика инженериясы, ген инженериясы — молекулярдык генетиканын бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаңы комбинацияларын алуу.
Бул макаланы «Генетика инженериясы, Генетикалык инженерия» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Генетика инженериясы 1972-ж. Америкада П. Бергдин лабороториясында биринчи жолу рекомбинациялык ДНК (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган. Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоң. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. рекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди жана рекДНКнын көбөйүшүн жана белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат. Көбүячө ичеги таякчасы жана башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын жана трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Генетика инженериясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.