Генетикалык Инженерия

Генетикалык инженерия, ошондой эле генетикалык өзгөртүү деп да аталат - биотехнологияны пайдалануу аркылуу организмдин геномун түздөн-түз башкаруу.

Бул клеткалардын генетикалык түзүлүшүн өзгөртүү, анын ичинде жакшыртылган же жаңы организмдерди өндүрүү үчүн түркүмдөрдүн ичинде жана арасында гендерди которуштуруу үчүн пайдаланылган технологиялар жыйындысы болуп саналат. Жаңы ДНК изилденген генетикалык материалды молекулярдык клондоо ыкмаларын колдонуу менен обочолонтуу жана көчүрүү аркылуу же болбосо ДНКны жасалма түрдө синтездештирүү жолу менен алынат. Куруу адатта организмге ДНКны киргизүү аркылуу жаралып, колдонулат. Ошондой эле гендер киргизилгенде жараян гендерди чыгарып салышы, же "кыйратышы" үчүн колдонулушу мүмкүн. Жаңы ДНК туш келди эле киргизилиши, же болбосо белгилүү бир геномго багытталышы ыктымал.

Генетикалык инженериянын жардамы менен өндүрүлгөн бир организм генетикалык өзгөртүлгөн (ГӨ) деп эсептелип, натыйжада зат генетикалык жактан өзгөртүлгөн организм (ГӨО) болуп калат. Биринчи ГӨОлор 1973-жылы чыгарылган бактериялар, ал эми биринчи ГӨ жаныбарлар 1974-жылы чычкандар болгон. Инсулин өндүргөн бактериялар 1982-жылы сатыкка чыгып, генетикалык өзгөртүлгөн азык-түлүктөр 1994-жылдан бери сатылып келет. Алгачкы үй жаныбары катары жасалган GloFish аттуу ГӨО АКШда 2003-жылы декабрда АКШда сатыкка чыккан.

Генетикалык инженерия ыкмалары көптөгөн тармактарда, анын ичинде изилдөөдө, айыл чарбасында, өнөр жай биотехнологиясында жана медицинада колдонулуп келет. Кир жуугуч күкүмдөрүндө жана инсулин, адамды өстүргөн гормондор сыяктуу дары-дармектерде колдонулган энзимдер азыркы күндө ГО клеткаларында, эксперименталдык ГӨ клетка саптарында өндүрүлөт. Ал эми чычкандар жана зебра балыктар сыяктуу ГӨ жаныбарлар изилдөө максаттарында колдонулат жана генетикалык өзгөртүлгөн өсүмдүктөр сатылып келет.

Тарыхы

Шилтемелер

Tags:

БиотехнологияДНК

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Айсулуу ТыныбековаXX кылымДүйнөнүн жети кереметиТрофика деңгээлиФизикаБийиктик алкактуулугуАла-Бука районуМамлекетСинтаксисОсмонбеков, АрстаналыСаадаев ЖайнакАрхаизмГүлБир өңчөй мүчөМедицинаОрозов КарамолдоНуклеин кислоталарыКөңүл бурууТамеки чегүүСПИДӨнөр жайСинологияРиторика.Риторика илими.ТайландЖасалма интеллектАмерикаЭмоцияКыргыз урууларыТүркмөнстанКыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата ЖуртуСахабаларЧубак ажы ЖалиловГрузияМанастын туулганыЭтек кир (айыз, менструация)БайчечекейМаалымат технологиясыТүргөш кагандыгыМеталлургияАк кеме (чыгарма)Кыргыз тилинин жазуу эрежелериКөмүр кендериКубаТатаал сөздөрТүрк кагандыгыАдабиятТирсекИскусствоАнтропогендик факторлорКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)КаакымМүчөлБир клеткалуу организмдерОрфографияКеңеш ЖусуповТогуз коргоолАксы районуЖемиштерСезүү мүчөлөрүЧүй өрөөнүТемирБайкооЛинзаМурундан кан агууКыргыз улуттук опера жана балет театрыЧакчылКыргызстанМитозУй породаларыКыргыз сомуТаң алдында (роман)БийликМолдоваХимиялык реакцияларИч көбүү (метеоризм)СинонимМексикаТайлак баатыр🡆 More