Вьентьян (лаос.
Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 797 130 миң (2012); калкынын саны боюнча Индикытайдагы эң ири өлкө.
Вьентьян | |
лаос. ວຽງຈັນ | |
Файл:20171118 Vientiane 3220 DxO.jpg и Vientiane-pha that luang.jpg | |
Өлкө | Лаос |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү | 1560 |
Аянты | 3920 |
Калкы | |
Калкынын саны | 1 003 742 (2015) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Этнохроним | вьентьяндык |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +7 |
Телефон коду | +856 |
Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр-жай борбору. Кустардык өнөр-жайы басымдуу; күрүч актоочу, жибек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр-жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), улуттук китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16-18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 194675-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору.
Архитехтура эстеликтерине: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), королдор сарайы ж. б. кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вьентьян, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.